Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

«The Wall Street Journal» басылмасынын үч журналисти Кытайдан чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алар басылмага жарыяланган «Кытай - Азиядагы накта оорулуу» деген макала үчүн аккредитациясынан ажыраганы кабарланууда. Журналисттер өлкөдөн беш күн ичинде чыгып кетүүгө тийиш.

Макала 3-февралда «Пикирлер» деген рубриканын алдында жарыяланган. Анда Кытайдын бийлиги эпидемиянын чыныгы масштабдарын жашырып жатканы айтылган. Бирок макаланы бул журналисттер эмес, профессор Уолтер Рассел Мид жазган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү макала вирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү өлкөнүн аракетин жокко чыгарат деп эсептейт. Мындан тышкары министрлик макаланын аталышын да расиситтик мазмунда, жалаа түрүндө жазылган деген пикирде. Бээжин «The Wall Street Journal» редакциясынан күнөөлүүнү жазалап, кечирим суроону талап кылды. Бирок басылма андан баш тарткан.

Журналисттер бир макала үчүн бир нече кабарчыны кубалап чыгуу Кытайда да сейрек кездешерин айтып, буга Бээжин менен Вашингтондун чыңалган мамилеси себеп болгон деген ойдо турушат.

«The Wall Street Journal» басылмасынын журналисттерин аккредитациясынан ажыратуу АКШ Кытайдын беш маалымат каражатын - «Синьхуа» агенттигин, CCTN телеканалын, «Кытай эл аралык радиосун», «China Daily Distribution Corporation» жана «Hai Tian Development USA» медиакомпанияларын чет элдик агент деп тааныгандан кийин болду. Бул чечим маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук кылбайт, бирок редакциялар жаңы кабарчы аларда жана мүлк сатып алууда АКШ бийлигинен уруксат суроого тийиш.

Кытай буга жооп болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG