Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жогорку Кеӊеш Конституциялык палатага үч судьяны шайлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊеш Мукамбет Касымалиевди, Мээргүл Бобукееваны, Латип Жумабаевди Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлады. Ушул эле күнү судьялар ант беришти.

Үч судьянын ичинен Мээргүл Бобукеева менен Мукамбет Касымалиев Конституциялык палатанын судьялыгынан жети жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын ноябрында бошотулган. Латип Жумабаев биринчи жолу шайланды. Ал Баткен, Ош облустарынын прокурору болуп иштеген.

Конституциялык палатада былтыр бошогон судьялык үч орун үчүн Сот тандоо кеңеши президентке 13 адамдын талапкерлигин сунуш кылган. Алардын ичинен мурдагы судья жана Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров талапкерлигин алып койгон.

Конституцияга ылайык Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы биринчи жолу жети жылдык мөөнөткө шайланат. Экинчи жолку шайлоого катышып, жеңишке жеткен судья Конституцияда белгиленген жаш курак чегине, башкача айтканда 70 жашка чейин иштей алат.

XS
SM
MD
LG