Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Орусия: жоокер Шамсутдиновго чоңсунган кызматташы шарттуу жазага тартылды


Рамил Шамсутдинов.
Рамил Шамсутдинов.

Орусиянын Чита шаарында сот армиядагы кызматташы Рамил Шамсутдиновго «чоңсунуп, ыдык көрсөткөн» деп айыпталган Руслан Мухатовду шарттуу эки жылга эркинен ажыратты. Сотто прокурорлор сегиз адамдын өлүмү менен аяктаган окуяга Мухатовдун Шамсутдиновго кылган мамилеси себеп болгон деген жагдай далилденбегенин билдиришкен.

Былтыр 25-октябрда Забайкалье крайындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Шамсутдинов сегиз кызматташын атып салган. Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Жоокердин атасы аскер жетекчилерин армиядагы «чоңсунган зомбулук» көрүнүшүн жашырып жатат деп күнөөлөгөн. Айрым маалымат каражаттары жоокер армиядагы кордукка чыдабай, колуна мылтык тийгенде кызматташтарына кол салганын жазышкан.

Рамил Шамсутдинов 28-октябрда камакка алынган. Интернетте жоокерди бошотууга чакырган петиция башталып, аны миңдеген адамдар колдоп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG