Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Алматыда коронавируска чалдыккан аял кылмыш жоопкерчилигине тартылды


Алматыда "Коронавирус, биз сенден коркпойбуз" деген жазууну кармаган жигит, 14-март, 2020-жыл.
Алматыда "Коронавирус, биз сенден коркпойбуз" деген жазууну кармаган жигит, 14-март, 2020-жыл.

Алматы шаардык полициясы жекшембиде билдиргендей, коронавирус аныкталган аял “санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, соңку маалда өзү менен байланышта болгон жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан”.

Шаардык полиция ооруну жуктуруп алган аял санитардык эрежелерди жана гигиеналык нормативдерди аткарбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын бышыктады.

15-мартка карата Казакстанда тогуз кишиден СОVID-19 вирусу табылды. Алардын бири Германиядан келген 12 жаштагы кыз. 16-марттан 15-апрелге чейин коңшу өлкөдө өзгөчө режим жарыяланды.

15-марттын таңында Өзбекстанда Франциядан кайткан адамдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG