Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Орусия 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдү киргизбейт


Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин.
16-март, 2020-жыл.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин. 16-март, 2020-жыл.

Орус өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Премьер-министр Михаил Мишустин Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.

Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.

Мында чектөө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине тиешеси болбойт.

Москвада коронавирус коркунучунан улам мэр Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. 21-марттан тартып бардык мектептер жабык болот.

Орусияда жалпысынан 93 кишиде COVID-19 вирусу табылган. (LzT)

XS
SM
MD
LG