Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Орусиядан Кыргызстанга келаткандар Казакстандын чек арасынан өтө албай калышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядан Кыргызстанга жеңил автоунаалар менен келаткан 200дөй кыргызстандык Казакстандын чек арасынан өтө албай калды.

Оренбург облусундагы Кыргызстандын консулу Таалайбек Жандарбек уулу алар менен жолугуп, Орусияга кайтууну сунуш кылганын «Азаттыкка» билдирди. Консулдун айтымында, бул окуя тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигине кабар берилген. Бишкек менен Астананын дипломаттары сүйлөшкөн. Бирок кыргыз жарандарына Казакстан аркылуу өтүп кетүүгө уруксат берилген эмес.

Акыркы маалыматка ылайык, азыркы кезде орус-казак чек арасында 150дөй кыргызстандык бар, калгандары Орусияга кайтышкан.

17-мартта түшкө маал 200дөн ашуун кыргызстандык 87 жеңил машинеде Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунда Казакстанга кире албай турганы жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тараган.

Казак өкмөтү коронавируска байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын чек араларынан өтүүгө 14-мартта чектөө киргизген. Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин жарыяланды. 17-мартта COVID-19 илдетин жугузуп алгандар Казакстанда 32 кишиге жетти. (LzT)

XS
SM
MD
LG