Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Казакстанда «өзгөчө абалды» бузгандар 15 күнгө чейин камалышы мүмкүн


Казакстандын Башкы прокуратурасынын имараты.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын имараты.

18-марттагы эртең мененки маалыматка караганда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар Казакстанда 35 кишиге жетти. 17 киши Алматыда, 18и борбор Нур-Султанда катталган. 19-марттан тартып бул эки шаарда карантин режими күчүнө кирет.

Ал эми бүтүндөй өлкө аймагына 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, коомдук жайлардагы кыймыл-аракет, өлкөгө кирүү-чыгуу чектелген.

18-мартта казак Башкы прокуратурасы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, чектөөнү бузгандар административдик жоопко тартыларын эскертти.

Текст түрүндөгү кайрылууда башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев «Өзгөчө абал режимин бузуу» беренесине шилтеме кылып, бул үчүн 26,5 миң теңге (4400 сом) айыппул же 15 сутка абак жазасы бар экенин билдирет.

Ушуга удаа эле Башкы прокуратура жалган маалыматтарды таратпоого, такталбаган кабар менен эл арасына дүрбөлөң салбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG