21-22-март күндөрү Индиядан келген 39 жана 35 жаштагы жергиликтүү эки эркек киши обсервацияга жаткырылып, үй-бүлөсү карантинге алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Канат Муканбетов билдирди:
«Экөөнүн теӊ абалы туруктуу, коронавируска байланыштуу эч кандай белгилери байкалган жок. Эртеӊ, 27-мартта анализ алынып, Бишкек шаарына жөнөтүлөт, анын жыйынтыгын күтөбүз. Мындай кырдаалга жараша эки адамдын үй-бүлөсү теӊ үй карантинге алынды».
Дарыгердин айтымында, үйлөрүнө келгенден кийин эки тургундун биринин дене табы көтөрүлүп кеткен. Алар буга чейин Бишкекте үч күн обсервацияда болуп, анализдери таза чыккан.
Түп району боюнча 13-марттан бери чет мамлекеттерден 59 жаран келген. Алардын төртөө обсервацияга жаткырылган. Булардын ичинен умрага барып келген эки кишинин анализдери таза чыккан. Төртөө менен байланышта болгон 274 адам үй карантинине алынган.
Ысык-Көл облусунун аймагында 55 киши обсервацияда. Жаңы коронавирус катталган учур катталган жок. (KS)