Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги: Аэропорттордо күнү-түнү иштеп жатабыз


Орусиянын аэропортторунун биринде турган кыргызстандыктар жөнөткөн сүрөт.
Орусиянын аэропортторунун биринде турган кыргызстандыктар жөнөткөн сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн аймагында мекенине кайта албай жаткандарга жардам бериш үчүн мобилдик топтор түзүлгөнүн, алардын тамак-ашын камсыздоо жана медициналык жардам жагынан көмөк көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

Элчилик 27-мартта билдирүү таратып, бул багытта иш күнү-түнү жүрүп, штабдын өкүлдөрү «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда орус тарап жана авиакомпания өкүлдөрү менен тийиштүү иш улантып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Шереметьеводо» 40ка жакын кыргызстандык жалпы зонада, 14 жаран транзиттик зонада турат. Новосибирск шаарынын аэропортунда 200дөй адам рейс күтүүдө. Орус-казак чек арасында 90дон ашуун адам бар», дейт элчилик.

Мекеме билдиргендей, 17-24-мартта Орусиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 5117 жүргүнчү жөнөтүлдү.

Элчилик +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11(«WhatsAp») номурлары аркылуу кайрылса болорун эскертти.

«Биз «Шереметьево» аэропортундабыз» деп «Азаттыктын» кабарчылары менен байланышкан кыргызстандык жарандар ал жакта 200-300гө жакын кыргыз жарандары бар экенин айтып, Кыргызстанга кетүү маселесин тез чечип берүүнү өтүнүп жатышат. Алардын 20 чактысы «Шереметьевого» «Жуковский» жана «Домодедово» аэропортторунан келишкен.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу көптөгөн өлкөлөр чек арасын жаап, аэропорттор ишин убактылуу токтотуп жатат.

Кийинки күндөрү Орусиянын айрым шаарларында аэропортто күндөп-түндөп каттам күтүп отурган кыргызстандыктар жүздөп саналып жатканын жана башка өлкөлөрдө да ушундай көйгөй бар экенин «Азаттыктын» угармандары социалдык түйүндөр аркылуу кабарлап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG