Акыркы түзүлгөн кырдаалдын негизинде өкмөт 220 млн. сомду ун өндүрүүчүлөргө берди. Акча «РСК» банк жана «Айыл банк» аркылуу берилди. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин профилдик комитеттеринин жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча бул эң ириде ун таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн иш-чара.
1-вице-премьер-министр жазгы талаа иштерин толук жүргүзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын да кошумчалады:
«Күйүүчү май 80% камсыздалды. Айыл чарба министрлиги Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим түзгөн, күйүүчү май менен камсыздоодо маселе болбойт. Минералдык жер семирткичтер менен да камсыз болот, келишимдер түзүлгөн. АКШ долларынын кымбаттап кеткенине байланыштуу жер семирткичтин баасы орто эсеп менен 4 сомго көтөрүлдү».
Бороновдун маалыматына караганда, быйылкы жазгы талаа иштерине айыл чарба техникалары да даяр. Аймактардагы МТСтерге 337 млн сомдук техника лизингге берилди. 1-вице-премьер-министр азыркы эпидемиологиялык кырдаал дыйканчылыкты жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратпоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Мөөнөтүнөн кечиктирип төлөгөнү үчүн айып салынбайт. Ишкерлерге салыкты төлөө мөөнөтү узартылды. Пандемиянын экономикага тийгизген таасири анализденип жатат. Орто, чака бизнести сактап калып, калыбына келтирүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: - Азык-түлүктүн запасы жетиштүү. Өкмөт муктаждарды камсыз кылып жатат. Бизнести колдоо максатында антикризистик план иштелип чыкты. Пландын максаты - бизнести сактап калуу, банкроттукка учурашына жол бербөө.