Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

COVID-19: Депутаттар өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Депутат Каныбек Иманалиев: Кеп карантинде эмес, анын шарттарын сактоодо. Чакан бизнеске иштегенге шарт түзөлү. Орусия, Казакстанга окшоп бизнеске акча бере албайбыз, бирок аларга эркиндик берели да. Мисалы, курулуш дүкөндөрүнө, машине оңдоочу жайларга, чачтарач өңдүү бизнеске уруксат берели. Ал жакта ашып кетсе экиден адам иштейт.

Депутат Каныбек Иманалиев: Элди жапырт текшерүүгө жетишпей жатсаңар, анда башка лабораториялардан кызганбагыла да. Бул темп менен иш алып барсаңар элдин баарын 2022-жылга чейин текшерип бүтөсүңөр.

Депутат Адывахап Нурбаев: Элди коронавируска жапырт текшерүүгө шарт түзүш керек. Жогорку Кеңеш жеке менчик лабораторияларга элди жапырт текшерүүгө уруксат берген. Азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатат. Эгерде адам өлүмү көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголушу мүмкүн.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Дарыгерлерди ташып-жеткирүү маселеси жөнгө салынган. Дарыгерлер эмгек акысын эки жактан алып жатат. Биринчиси – негизги маянасы, экинчиси – депозиттик эсепке түшкөн акча. Биринчи категориядагы дарыгерлер 46 999 сом, экинчи категориядагы дарыгерлер 40 000, ал эми үчүнчү категориялагы дарыгерлер 35 000 сом алышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG