Депутат Жанар Акаев: Мигранттар - экономиканын тирөөчүсү. Алардын акчасы менен экономика кармалып турган. Бирок абакаттамдары токтоду деп мигранттарды чет өлкөлөрдө таштап койгон адамгерчиликке жатпайт. 20-апрелге чейин мигранттарды алып келүүнүн жолун издейли.
Депутат Жанар Акаев: Азыр бири-бирибизге жардам бере турган учур. Бирок өкмөт көп туура эмес иштерди жасап жатат. Сын айткан дарыгерлерди кечирим суратасыңар, чет өлкөдө кала берген мекендештерди алып келүүгө кудуретиңер жетпей жатат. Саламаттык сактоо министри дарыгерлерге сыйакы которулду деп айтты. Бирок дарыгерлер ал акчаны алыша элек. Обсервацияда иштеген дарыгерлер күндө акчаны күтүп жатат. Ошол акча качан түшөт? 4-5 миң сомго иштеген дарыгер беткап жетишсиз деп койсо тепкилеп жатып калдыңар.
Депутат Чыныбай Турсунбеков 15-апрелден тартып өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абалды жоюп, анын ордуна өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуш кылды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал азырынча ага жол бербей турганын, өзгөчө абалды алып салуу азырынча эрте экенин айтты.
“Оору азайган жок, ошондуктан азырынча алмаштыра албайбыз. Илдет жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз дагы эки жумага чейин өзгөчө абалды улантууну мамлекет башчыга сунуш кылдык”, -деди Боронов.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Чакан бизнестин айрымдарына карантиндин чараларын жеңилдетүү, тобокелдиги аз болгон тармактарга иштөөгө уруксат берүү жагын караштырып жатабыз.