Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

COVID-19: Депутаттар өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту.


Акыркы түзүлгөн кырдаалдын негизинде өкмөт 220 млн. сомду ун өндүрүүчүлөргө берди. Акча «РСК» банк жана «Айыл банк» аркылуу берилди. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин профилдик комитеттеринин жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча бул эң ириде ун таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн иш-чара.

1-вице-премьер-министр жазгы талаа иштерин толук жүргүзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын да кошумчалады:

«Күйүүчү май 80% камсыздалды. Айыл чарба министрлиги Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен келишим түзгөн, күйүүчү май менен камсыздоодо маселе болбойт. Минералдык жер семирткичтер менен да камсыз болот, келишимдер түзүлгөн. АКШ долларынын кымбаттап кеткенине байланыштуу жер семирткичтин баасы орто эсеп менен 4 сомго көтөрүлдү».

Бороновдун маалыматына караганда, быйылкы жазгы талаа иштерине айыл чарба техникалары да даяр. Аймактардагы МТСтерге 337 млн сомдук техника лизингге берилди. 1-вице-премьер-министр азыркы эпидемиологиялык кырдаал дыйканчылыкты жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Дарыгерлерди ташып-жеткирүү маселеси жөнгө салынган. Дарыгерлер эмгек акысын эки жактан алып жатат. Биринчиси – негизги маянасы, экинчиси – депозиттик эсепке түшкөн акча. Биринчи категориядагы дарыгерлер 46 999 сом, экинчи категориядагы дарыгерлер 40 000, ал эми үчүнчү категориялагы дарыгерлер 35 000 сом алышат.

Депутат Адывахап Нурбаев: Элди коронавируска жапырт текшерүүгө шарт түзүш керек. Жогорку Кеңеш жеке менчик лабораторияларга элди жапырт текшерүүгө уруксат берген. Азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатат. Эгерде адам өлүмү көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Депутат Каныбек Иманалиев: Элди жапырт текшерүүгө жетишпей жатсаңар, анда башка лабораториялардан кызганбагыла да. Бул темп менен иш алып барсаңар элдин баарын 2022-жылга чейин текшерип бүтөсүңөр.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG