Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

COVID-19: Депутаттар өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Депутат Каныбек Иманалиев: Кеп карантинде эмес, анын шарттарын сактоодо. Чакан бизнеске иштегенге шарт түзөлү. Орусия, Казакстанга окшоп бизнеске акча бере албайбыз, бирок аларга эркиндик берели да. Мисалы, курулуш дүкөндөрүнө, машине оңдоочу жайларга, чачтарач өңдүү бизнеске уруксат берели. Ал жакта ашып кетсе экиден адам иштейт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Чакан бизнестин айрымдарына карантиндин чараларын жеңилдетүү, тобокелдиги аз болгон тармактарга иштөөгө уруксат берүү жагын караштырып жатабыз.

Депутат Чыныбай Турсунбеков 15-апрелден тартып өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абалды жоюп, анын ордуна өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуш кылды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал азырынча ага жол бербей турганын, өзгөчө абалды алып салуу азырынча эрте экенин айтты.

“Оору азайган жок, ошондуктан азырынча алмаштыра албайбыз. Илдет жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз дагы эки жумага чейин өзгөчө абалды улантууну мамлекет башчыга сунуш кылдык”, -деди Боронов.

Депутат Жанар Акаев: Азыр бири-бирибизге жардам бере турган учур. Бирок өкмөт көп туура эмес иштерди жасап жатат. Сын айткан дарыгерлерди кечирим суратасыңар, чет өлкөдө кала берген мекендештерди алып келүүгө кудуретиңер жетпей жатат. Саламаттык сактоо министри дарыгерлерге сыйакы которулду деп айтты. Бирок дарыгерлер ал акчаны алыша элек. Обсервацияда иштеген дарыгерлер күндө акчаны күтүп жатат. Ошол акча качан түшөт? 4-5 миң сомго иштеген дарыгер беткап жетишсиз деп койсо тепкилеп жатып калдыңар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG