Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

COVID-19: Депутаттар өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Депутат Жанар Акаев: Мигранттар - экономиканын тирөөчүсү. Алардын акчасы менен экономика кармалып турган. Бирок абакаттамдары токтоду деп мигранттарды чет өлкөлөрдө таштап койгон адамгерчиликке жатпайт. 20-апрелге чейин мигранттарды алып келүүнүн жолун издейли.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун парламент комитетинде билдиргени боюнча, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге “Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн прокурорлук эскертүү берилген:

“Андан тышкары да бир нече эскертүүлөр берилген. Комитет чечимдеринин негизинде сунуш берсеңер прокуратура карайбыз”, -деди Өткүрбек Жамштов.

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартуу маселесин 14-апрелде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөн жок деп сындады. Ушундай эле жүйө менен Чолпонбаевди жоопко тартууну депутат Искендер Матраимов да айтып кетти.

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Депутат Жаныбек Бакчиев: -Өзгөчө абал узартылат деп жатасыңар, узартылса, мурда берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтүн да узартып бергиле. Кайра алгыла деп кыйноонун кереги жок. Ансыз деле алар карантинде үйдө отуруп, иштей албай, кыйналып жатышат. Угуп жатасыздар, үй-бүлөлүк зомбулук катталып жатат. Элге жакын болуп, эл менен иштегиле.

Депутат Максат Сабиров: Урушуп, айтыша турган убакыт эмес. Азыркыдай кырдаалдан чыгыш үчүн облустарда, райондордо, шаар борборлорунда чогулуштар эле өтүп жатат. Бирок карапайым элди кыдырып аралагандар аз болууда. Чогулушту токтотуп, элдин көйгөйүн жеринде көрүш керек. Айыл чарба министри менен сүйлөшсөм “үрөнгө өтүнмө бергендер алып кетишти, бербегендер ала элек” дейт. Ун Казакстандан келет деп үмүт артпай, өз элибиздин үрөнүнө көңүл буралы.  

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG