Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

СOVID-19: Пакистан Рамазан айында мечиттерди жаппайт


Пакистанда карантин чектөөлөрүнө карабай айрым жарандар мечитке барып жатышат.
Пакистанда карантин чектөөлөрүнө карабай айрым жарандар мечитке барып жатышат.

Пакистанда бийлик коронавирус коркунучунан улам мечиттерди Рамазан айында жабууга каршы чыккан дин аалымдарын колдоду. Өкмөт аралыкты кармоо өңдүү айрым бир сактык чаралары көрүлүшү керектигин эскертти.

Буга чейин Пакистанда карантинден улам бир мечитте бештен ашык адам болбошу керек деген чектөө киргизилген. Бирок мындай чектөөгө баш бербеген ашынган динчилдер жума намазына барып жатышкан. Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус сегиз миңге чукул адамдан аныкталды.

Пакистанды бир катар өлкөлөр өткөн айда «Таблиги жаамат» диний кыймылынын жүз миңден ашуун мүчөсүнүн Лахор шаарындагы чогулушуна тыюу салбай, илдетти жайылтууга себепкер болду деп айыптап келет.

Буга чейин 73 жаштагы кыргызстандык жаран Пакистанда коронавирустан ажал тапкан. Тышкы иштер министрлиги маркум Райвинд шаарынан 60 чакырым аралыктагы Кала провинциясында карантинде турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG