Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Дональд Трамп коронавирус үчүн Кытайды күнөөлөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы вирусологиялык лабораторияда иштелип чыкканын "бекем бышыктаган" далилдерди көргөнүн билдирди. Ал 30-апрелде брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын чоо-жайы тууралуу айтуудан баш тартты. Ал "Мен силерге муну айта албайм, мага аны айтууга уруксат берилген эмес", деди.

Трамп "Кытай бийлиги вирустун жайылышын токтото албай калышы ыктымал, же болбосо андай кылуунун кереги деле жок деп чечкен болушу мүмкүн" экенин айтты.

Мунун алдында АКШнын Чалгын кызматы вирустун тарашы дале иликтенип жатканын, бирок чалгынчылар коому бир катар окумуштуулардын "COVID-19 адамдын колунан чыккан эмес, же генетикалык жактан модификацияланбаган деген пикирлерине ортоктош экенин билдирген.

Өпкөнү сезгенткен илдет Кытайдын Ухань шаарынан тараган. Кытай бийлиги оору кантип, каяктан келип чыкканын так айта албасын мойнуна алганы менен бир катар эксперттер бул илдет Ухандагы түрдүү жан-жаныбарлардын эти сатылган базардан жайылып, алгач жаныбардан адамга жуккан болушу мүмкүндүгүн айтып келишет.

Бээжин вирус атайын даярдалганы тууралуу жоромолдорду такай четке кагат.

АКШ COVID-19 жугузуп алган жана андан ажал тапкан адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарында оору бир миллиондон ашык адамдан аныкталды. Коронавирустан ажал тапкандар 63 миң кишиге чукулдады.

XS
SM
MD
LG