Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Вице-мэр: Ошто түнкү клубдардын ишине уруксат бериле элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Түнкү клубдардын, интернет-клубдардын жана түндө иштөөчү кафе-ресторан, оюн-зоок мекемелеринин ишин жандандырууга азырынча уруксат бериле элек. Өзүм билемдик менен ишин жандандырып алган мындай ишканалардын жоопкерчилиги каралат. Бул маалыматты Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев бүгүн, 26-майда брифингде «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди:

«25-май күнү айрым мекеме-ишканалардын, коомдук транспорттун иштешине уруксат берилди. Бирок түнкү клубдарга уруксат берилген эмес. Кечээ бизге шаардагы «Harley» түнкү клубу ишин жандантып алганы тууралуу маалымат түшөрү менен биз ички иштер башкармалыгынын жардамы менен жаптык. Азырынча эскертүү бердик, айыппул салынган жок».

Саибжан Турдуев ишин жандандырган ишканалар салык төлөөгө милдеттүү экенин да эскертип, бирок ошол эле учурда тез арада салык төлөнүшү керек деген талап да жок экенин эскертти.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ош шаарына 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.

1-майдан тартып экономиканы жандандыруу максатында бир нече баскыч менен ишкана-мекемелердин, базарлардын, коомдук транспорттун ишин улантышына уруксат берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG