Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

COVID-19: Илдет жуккан медицина кызматкерлери кайрадан көбөйө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлери кайрадан көбөйө баштады. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус 12 медицина кызматкеринин анализинен табылды.

Алардын жетөө - Ош облусунда, бешөө - Бишкек шаарында.

Бир суткада стационарлардан алты медицина кызматкери айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 299 медицина кызматкери катталды, алардын ичинен 243ү айыгып чыккан.

Бир нече күн мурда коронавирус жаңы жуккан дарыгерлер катталбай калган болчу.

Оору жуккандардын көбү Бишкек шаарында, алардын көпчүлүгү аял кызматкерлер.

Бишкектик дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG