Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Мальта Орусияда басылып чыккан ливиялык акча салынган жүктү кармап алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Мальта мамлекети Орусиянын Гознак ишканасы басып чыгарган ливиялык динарлар салынган жүктү кармап алганын маалымдады. Долларга которгондо жалпысынан миллиардга жакын акча “мыйзамсыз параллелдик уюмга” ташылып баратканын билдирди.

Ливияда 2014-жылдан бери жарандык согуш жүрүүдө. Орусия 2016-жылдан тартып согуштун катышуучуларынын бири болуп эсептелген Тобрук шаарындагы өкмөткө накталай акча басып чыгарарын The Libya Observer басылмасы жазды. Бул өкмөттү Ливиянын улуттук армиясынын генералы Халифа Хафтар көзөмөлдөйт. Аны Орусия колдой турганы айтылып келет.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө АКШ Ливиянын жалгыз мыйзамдуу борбордук банкы деп Триполи шаарындагы эл аралык жактан таанылган банкты тааныры айтылды. Мальта буга чейин да Тобруктагы өкмөт үчүн Орусияда басылып чыккан динарларды кармап алган.

22-майда Орусия менен Түркия Ливияда атышууну токтотууга чакырган. Ливияда орус аскерлери бар экенин расмий Триполи да, Түркиянын президенти да билдирген. Москва муну четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG