Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Орусия менен Түркия Ливияда атышууну токтотууга чакырды


Орусия менен Түркия Ливияда атышууну чукул арада токтотууга жана БУУнун түндүгү астында жагдайды саясий жол менен жөнгө салууга чакырышты. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Москва Ливиянын улуттук армиясынын командири Халифа Хафтар 18-майда Триполиден 140 чакырым алыс жердеги негизги аба базасын көзөмөлдөөнү колдон чыгаргандан кийин аскердик аракеттерди токтотууга чакырык таштаганын DPA агенттиги жазды.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп келет.

Анкара Улуттук биримдик өкмөтүн колдойт. Москва Хафтарды колдой тургандыгы айтылып келет. Түрдүү булактар Ливиянын улуттук армиясынын катарында Орусиянын «Вагнер жеке аскердик уюмунун» миңден ашуун жалданма аскери бар экенин жазышкан. Ливияда орус аскерлери бар экенин расмий Триполи да, Түркиянын президенти да билдирген. Москва муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG