Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Кой-Таш окуясы боюнча сот Атамбаевдин катышуусуз уланды


Кой-Таш окуясы боюнча иш каралган Биринчи май райондук сотунун алды. Атамбаевге каршы чыккандардын акциясы. 1-июнь, 2020-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча иш каралган Биринчи май райондук сотунун алды. Атамбаевге каршы чыккандардын акциясы. 1-июнь, 2020-жыл.

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараян мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү. Бул тууралуу Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлдөрү билдиришти. 1-июнда түшкө чейинки отурумда сот залынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгарылган эле. Судья Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин ал сот отурумдарына катышпайт деген чечим чыгарган.

Атамбаев өзү жараянда айыпталуучулар менен бирге тосмонун ичинде отуруудан баш тарткан.

Адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президент башка иштер боюнча айыпталып жаткандыктан, аны Кой-Таш иши боюнча тосмонун ичинде отургузууга да, сотко катыштырбай коюуга да негиз жок болчу деп билдирген.

11-майдагы жараянда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар тосмонун ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ага чейин Атамбаев ачык жерде, адвокаттардын жанында отурчу.​

Буга чейин Атамбаев сотко катышуудан өзү баш тарткан учурлар белгилүү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтагы Кой-Таш операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат.

XS
SM
MD
LG