Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Депутат Сабиров премьердин өргүүдө жүрүшүн сынга алды (видео)


Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы сессиясында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алууда жүрүшүн коалициялык көпчүлүктө жана тиешелүү комитеттерде кароону сунуш кылды.

Депутат коронавирус пандемиясына жана чек арага байланыштуу азыркы кырдаалда өкмөт башчынын өргүүдө жүрүшүн сынга алды:

«Өткөндө Тажикстандын чек арасында кагылышуу болду. 31-майда Өзбекстан менен чек арада чыр чыкты. Өзгөчө кырдаал режими өлкөдө алына элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмнеге ал ушундай кырдаалда эс алууга кетет? Армениянын премьери коронавирус жугузуп алып, бирок «үйдө иштейм» деди. Биздики эс алып жүрөт. Азыр ишти вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убакыт эмес».

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Чек арада кырдаал курчуп турганда өкмөт башчынын эс алууда болушун социалдык түйүндөр аркылуу сындагандар бар.

Өкмөттүн басма сөз кызматы сын-пикирлерге жооп бере элек, премьердин ишке качан чыгарын билдире элек.

Премьер-министрдин милдеттери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго жүктөлгөн.

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG