Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

COVID-19: Бир суткада каза болгондор тууралуу маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 5-июнга карата бир суткада коронавирустан кийин каза болгон эки бейтаптын өлүмүнө алардын эски оорулары күчөгөнү себеп болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кайтыш болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда коронавируска чалдыккандар үчүн атайын ачылган бөлүмдө дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап болчу.

«COVID-19 деген диагноз коюлган. Кант диабети, өтө жогорку коркунучтагы гипертония оорусу, жүрөк оорусу да бар экен. Анын кызы «Автомаш-Радиатор» заводунда коронавирус жуккан адам менен контакт болгондуктан дарыланып жаткан. Кызы менен контакт болгондуктан ага да жугуп, эски оорулары козголуп, COVID-19ду көтөрө албай, оор абалга келип, ооруканадан каза болуп калды. 30-майда анализинен коронавирус табылгандыктан ооруканага жаткырылган», - деди ал.

Экинчи бейтап - 34 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду.

Үсөнбаевдин айтымында, «ал ооруканада ак кан илдетинен дарыланып жаткан. Коронавируска чалдыккандар менен контакт болгонуна байланыштуу анализ алынып, анда да бул оору бар экени аныкталган. Интенсивдүү дарыланууга алынган, реанимацияда жаткан. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабастан каза болуп калды».

Жалпысынан 18-марттан 5-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 адам сакайып кетти. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG