Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Жаңы альянска бириккен саясатчылар


«Жаңы демге» бириккен саясатчылар.
«Жаңы демге» бириккен саясатчылар.

Кыргызстанда «Ата Мекен», «Ак Шумкар», КЛДП партиялары жана бир нече саясатчылар, активисттер парламенттик шайлоого чогуу барарын жарыялашты.

Кыргызстандагы жаңы саясий альянстын бет ачары «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде өттү.

«Жаңы дем» деп аталган ураан алдында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, депутат Жанарбек Акаев, парламент депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана мурда анчейин белгисиз «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койду.

Аталган бирикменин негизги максаты - быйыл күздөгү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу экени белгилүү болду.

«Биздин альянс - бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз - келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу», деп айтылат саясатчылар кол койгон декларацияда.

«Альтернативалуу оппозициячыл күч болот...»

Бул өнөктөштүккө кошулган парламент депутаты Жанарбек Акаевдин айтымында, бирикме учурдагы бийликке альтернатива болчу оппозициячыл саясий күч катары түзүлүүдө.

«Учурда эл, жалпы коомчулук сабатсыз жетекчилерден, сабатсыз депутаттардан тажап турат, - деди ал. - Ушундай шартта биригип, чоң күч катары парламентке барсаңар деген элдин каалоосун, элдин талабын эске алуу менен биригүүнү чечтик. Болбосо быйыл деле байлыгы күчтүүлөр менен бийлиги күчтүүлөр басымдуу болуп, парламентти ээлеп, бийликке кол жоолук болуп калышы мүмкүн деген ойдон улам ушул чечимди кабыл алдык. Бизди оппозициячыл, альтернативалуу күч деп атаса болот. Жакын арада өзүбүздүн «жол картабызды» жарыяласакпы деп турабыз».

Бирок эки ыңкылапты, ар кыл саясий өйдө-төмөн окуяларды башынан өткөргөн Кыргызстанда саясий сахнада көп жылдан бери жүргөн күчтөрдүн жаңылар менен бириккени талкуу жаратты.

«Ак Шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев бирикме аркылуу жаңы адамдарды алдыга сүрөө максаты бар экенин билдирди:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Бирикме бир күндө эле чечилип, түзүлгөн жок. Бир топ убакыттан бери кеңешип, башка да күчтөрдү чакырганбыз. Натыйжада ушул бирикме түзүлдү. Эң негизгиси - жол баскан, суу кечкен, тарыхы бар партия, саясатчыларды бир четинен, экинчи четинен жаңы чыгып келе жаткан жаш саясатчыларды коштук. Биздин максат - бул альянс аркылуу радикалдуу, ыкчам жана эрк менен коштолгон өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу».

Сариев саясатчылар 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы «Ата Мекен» партиясынын алдында бириккенин эске салып, бул жагынан тажрыйба бар экенин кошумчалады.

«Жаңы дем» туруктуу болобу?

Кыргызстанда шайлоо алдында ар кыл саясий күчтөр биригип, тандем түзгөнү кыргыз саясаты үчүн адатка айланган. Бирок бул биригүүлөр бир аз убакыт өтпөй, пикир келишпестик менен аяктаган. Ушундан улам жаңы түзүлгөн бирикме канчалык туруктуу болот деген суроо туулат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев азыркы шартта саясий күчтөрдүн биригишин прагматикалык жана туура кадам катары эсептей турганын айтты:

«Бул биригүү прагматикалык реалдуулук жагынан алганда абдан туура жана зарыл кадам болду. Анткени тарыхы бар, прогрессивдүү, бир аз да болсо да үмүт жараткан партиялардын биригип, жаңы, реформачыл талаптарды коё билген күчкө айланышы абдан керек болчу. Мына ушул жагынан саясий мааниси чоң десек болот».

Ал эми Жапониядагы кыргызстандык саясий эксперт Даниел Кадырбеков идеологиялык маселелер боюнча көз карашы дал келбеген партиялардын биримдиги канчага созулат деп күмөн санап турганын билдирди:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Бул биригүү эч кандай жыйынтыкка жетишпейт. Анткени «бийликке жетиш үчүн бирге барабыз» деген туура эмес. Коомдо чоң трансформация кылууну, саясий маңызды өзгөрткөнгө көз карашы, баалуулуктары төп келбей туруп «бириктик» дегени элди алдагандай болуп калат. Бул альянс социалисттерби, либералдарбы же консерваторлорбу? Тышкы саясатта кандай көз караштары бар экенин айткан жок. Буга чейинки айткандарын карасак, бири-бирине таптакыр төп келбейт».

Чынында бүгүнкү альянска кирген «Ата Мекен» партиясы социалисттик идеологияны кармана турганын жарыяласа, Кыргыз либерал-демократиялык партиясы, «Ак Шумкар» партиясы оңчул багытта. Бирок кыргыз саясатында партиялардын идеологиялык багытына анча деле көңүл бурулбайт.

«Бийликке сес көрсөтө алабы?»

Мындан сырткары, бирикмелерди сыначу дагы бир жагдай бар. Ал өлкө бийлигине карата көз карашы. Акыркы жылдары Кыргызстанда бирдиктүү оппозициячыл күч жокко эсе. Парламенттеги оппозициячыл фракциялар принципиалдуу атаандаштык көрсөтө албай, ал эми сырттагы күчтөр бытыранды абалда деген сын да айтылып келет.

Дал ушундай шартта жаңы альянс президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине карата оппозиция боло алабы? Жогоруда Жанарбек Акаев сөз кылгандай жаңы бирикме оппозициячыл альянс дегени менен президенттин саясатына кандай көз карашта экени азырынча белгисиз.

Расмий бийликтин бул бирикмеге карата позициясы белгилүү боло элек. Бирок азыркыдай экономикалык кыйын шартта бирдиктүү оппозициячыл күчтүн болгону бийлик үчүн сыноо болору айтылууда.

Тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун айтымында, «Жаңы дем» бирикмесинин келечеги жана бийлик алдындагы салмагы алардын максатынан көз каранды.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Албетте, бул бийлик үчүн сыноо, - деди ал. - Чын-чынына келгенде, азыр бийлик үчүн ар бир жааган жаандан баштап, чек арадагы маселелер, каражаты түгөнгөн соодагерге чейин сыноо болуп жатат. Мына ушундай шартта саясатчылардын биригип чыгышы жаңы сыноо. Бирок бул жерде жаңы бирикменин көздөгөн максаты эмне, канчалык жана канча убакытка бир команда болот деген маселе бар. Буга кошумча, бийликке альтернатива боло турган программа сунуш кыла алабы же жокпу, ошол маанилүү».

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо октябрь айында өтүшү керек. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Депутаттар партиялык тизме менен шайланат.

Өлкө мыйзамдарында саясий блок же бирикме менен шайлоого катышууга болбойт. Ушундан улам жаңы түзүлгөн альянс «Жаңы дем» деген ураан алдында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанганы жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG