Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Министрлик: Омор Султанов катуу ооруну жеңди, 85 жашка чыгышына карата иш-чаралар уюштурулат


Омор Султанов жана Алмаз Кененбаев.
Омор Султанов жана Алмаз Кененбаев.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги залкар калемгер Омор Султановдун 85 жашка чыгышына карата мааракелик иш-чараларды уюштурат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлап, акындын “керемет чыгармаларын коомчулукка дагы бир жолу жайылтуу, маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу, маданий иш-чараларды уюштуруу” пландалып жатканын маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, министр Азамат Жаманкулов акындын үйүнө барып, баарлашып кайтышты.

“Омор Султанов быйыл жазында үч жолу оор операция болду. Акын агабыз катуу ооруну жеңип, төшөктөн туруп кетти. Азыр деминен, кайратынан жазбай, тунук акылы менен арабызга аралаша баштады. Алмаз Кененбаев Омор Султановдун ден соолугуна, ал-абалына мамлекет башчысы да тынчсызданып, кабар алып турганын айтып, дары-дармегине деп берип жиберген материалдык жардамын тапшырды” деп айтылат маалыматта.

«Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адамдын тагдыры» өңдүү чыгармалары менен даңазаланган Кыргыз Республикасынын Эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Омор Султанов быйыл ноябрь айында 85 жашка чыгат.

Ушул мааракени утурлай «Азаттык» радиосу акындын чыгармачылыгын акын-жазуучулар менен талкуулаган. (RK)

XS
SM
MD
LG