12-июнда 2010-жылдагы Санпа окуясын эскерүү иш чарасы өтүп, ага жабырлануучулар, Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган расмий бийликтин, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Эскерүү учурунда Санпада каза болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүл коюлуп, маркумдарга куран түшүрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө июнь окуясы эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи:
“Июнь окуясы арадан 10 же 100 жыл өтсө да унутулбайт. Сиздер жок жерден жакындарыңарды жоготтуңар,көкүрөктө өчпөс так турат. Бирок, урматтуу туугандар, бул иштин башында тургандардын баарына мамлекет жазасын берди. Ушул кылмыш ишти жасагандар боштондукта жүргөн да чыгар, аны сиздердин муң-зарыңар тынч койбойт. Бул жарыктыкта болбосо, тигил дүйнөдө жазасын алат чыгар. Ушундай жаман күндөр болбосун жана кайталанбасын.”
Төрага Жумабеков каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеңештин атынан ыйгарылган каржылык жардамды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана "Санпа шейиттери" биримдигинин өкүлдөрүнө тапшырды.
Эскерүүгө келген жабырлануучулардын ичинен 2010-жылдагы июнь окуясында жабырлануучуларды колдоо максатында кабыл алган өкмөттүн токтому толук аткарылбай жаткандыгын белгилегендер болду. Төрага бул маселени көзөмөлдөөнү жергиликтүү бийликке тапшырды.
2010 - жылдын 12-13-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында миңге чукул адам чогулуп, Бишкек-Ош автожолунан өткөн автоунааларга куралчандар кол салышкан. Тополоңдо 16 адам өлүп, эки киши дайынсыз жоголгон, онго жакын автоунаа өрттөлгөн. Кийинчерээк бул Санпа окуясы деп аталып, окуя болгон жерге эстелик орнотулган. (RsK)