Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Адвокат камактагы Кимсанов сабалды деген видеону жарыялады


Эмилбек Кимсанов.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырды.

Тасмада белгисиз эки адам дагы бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип жатат. Адвокат видео колуна кайдан тийгенин жазган эмес.

«Бул видеодо эки олбурлуу эркек Кимсановду катуу сабап жатат. Өздөрүнүн административдик ресурсун пайдаланып, аны тергөө абагына камап, өч алуу үчүн атайын таштап коюшканына ушул далил эмеспи? Аны ал жерде күтүп турушкан, кабыл алышкан жана процесстин баарын видеого тартып өздөрүнүн кожоюндарына отчет катары жиберишкен»,- деп жазды Назгүл Сүйүнбаева.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун кошумчалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) социалдык тармактарга жарыяланган бул видеофакт каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин билдирди. Буга чейин мекеме «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG