Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат.
Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Боронов 16-июндан бери премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турат.
Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун, өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталууда. Калган вице-премьер-министрлер, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.
Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон. (ErN)