Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

24-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

24-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 32…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

XS
SM
MD
LG