Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

“Симпсондордогу” Апуну ак түстүү актер "сүйлөтпөй" турган болду


“Симпсондор” деп аталган мультфильмдин авторлору тасмадагы түстүү каармандардын үнүн ак түстүү актер коштобошу керек деп билдиришти. Ага ылайык, эми мультсериалдагы Индиядан келген иммигрант Апу ак түстүү актер Хэнк Азариянын үнү менен “сүйлөбөй калат”.

Би-Би-Си белгилегендей, “Симпсондор” мультсериалында бир нече каарманды “сүйлөткөн” актёр Хэнк Азария быйыл январда Апунун үнүнөн баш тартарын билдирген. Ал 2017-жылы “Апунун көйгөйү” деген даректүү тасма чыккандан бери өзүнө кысым көбөйгөнүн айткан.

Тасманы стендап-комик Гари Кондаболу тарткан. Ал АКШда жашаган түштүк азиялыктар менен сүйлөшүп, аларга Апунун таасирин сураган. Сурамжылоого катышкандар Апуну өздөрүнүн америкалык телеканалдардагы жалгыз “өкүлү” катары көрүшөрүн айтышкан.

Хэнк Азария мультсериалдагы Апуну “сүйлөтүүнү” токтотуу мультфильмди негиздөөчүлөр менен кеңешкенден кийин кабыл алынган чечим экенин журналисттерге билдирген.

Ушундай эле билдирүүнү башка мультсериалдардын түстүү каармандарын “сүйлөтүп келген” актерлор да жасашты. Алардын арасында 20 жылдан бери “Гриффиндер” деп аталган сериалдагы Кливлендди “сүйлөткөн” актер Майк Генри менен Кристен Белл да бар. Белл “Борбордук парк” сериалындагы мулат кыз Моллини каарманга түспөлдөш адам “сүйлөтүүгө” тийиш деп эсептейт.

"Симпсондор" (The Simpsons) - АКШнын тарыхындагы эң узун мультсериал. Аны карикатурист Мэтт Грейнинг 1989-жылдан бери экранга чыгарып келе жатат. Быйыл май айында тасманын 31-сезону тартылып бүттү. Мультсериалда ойдон чыгарылган Спрингфилд шаарчасында жашаган Симпсондордун турмушу сатиралык мүнөздө көрсөтүлөт.

Акыркы убактарда көптөгөн өлкөлөрдөгү шоу-бизнес расалык теңсиздикке каршы адамдардын сын-пикирине кабылууда.

Миннеаполисте ынды кара Жорж Флойддун полициячынын колунан өлүшү менен мындай чабуулдар күч алды. Бир катар өлкөлөрдө адамдар “Каралардын жашоосу маанилүү” деген чакырык менен көчөгө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG