Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

АКШ конгрессмендери Орусиянын «кутуму» ырасталса санкция салууну сунуш кылууда


Ооганстан.
Ооганстан.

Москва америкалык аскерлерди өлтүрүш үчүн талибдерге акча төлөгөнү тууралуу маалымат бышыкталса, АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы экономикалык санкция киргизүүгө тийиш. Демократиялык партиянын өкүлдөрү шейшембиде ушундай пикирин билдиришти.

Өкүлдөр Палатасынын Чалгындоо боюнча комитетинин жетекчиси Адам Шифф Орусиянын терс таасирин ооздукташ үчүн кандай санкция салууну караштыруу зарыл экенин айтты.

Жазалоочу чараларды жактагандардын арасында республикачылар да бар. Бирок алар кырдаал жакшылап иликтенип-талдангандан кийин гана чечим кабыл алынышы керек экенин белгилешти.

Бир нече күн мурун «The New York Times» басылмасы Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары Орусия Ооганстанда АКШнын жана коалициянын аскерлери өлтүрүш үчүн «Талибанга» байланышы бар жоочуларга акча төлөгөн деген бүтүмгө келишкенин жазган. Трамп андай корутунду менен таанышпаганын билдирген. Орусия жана талибдер гезиттин маалыматын четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG