Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

«Курманжан датка» тасмасы түрк тилине которулуп, Түркияда көрсөтүлөт


«Курманжан датка» тасмасынан алынган сүрөт.
«Курманжан датка» тасмасынан алынган сүрөт.

«Курманжан датка» кинотасмасы түрк тилине которулуп, Түркияда көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна фильмдин режиссёру, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз кабарлады.

Анын айтымында, мындай келишим америкалык «All Right Entertainment Filmart» компаниясынын, кыргызстандык «Айтыш фильм» жана «Кыргызфильм» киностудияларынын ортосунда түзүлдү. Америкалык компания түркиялык «Фильм арт» дистрибьютерлик компаниясы менен келишим түзгөнү маалым болду.

Режиссёр билдиргендей, түркиялык уюмга тасманын видео жана аудио файлдары берилет.

«Дубляж жасап түрк тилине которуп, Түркиядагы бардык телеканалдарга чыгарууну максат кылып жатышат. Дубляж кылганы жакшы, анткени субтитр менен берилгенде тасманын маани-маңызы кемип калгандай болот. Эми, буюрса, жакында «Курманжан датка» тасмасы түрк тилинде сүйлөй баштайт», - деди ал.

Тасма тарыхый инсан, мамлекеттик ишмер, «Алай ханышасы» атыккан Курманжан датканын басып өткөн жолу тууралуу баяндайт. Фильмди тартууну алгач Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева сунуш кылып, идеяны режиссёр, парламент депутаты Садык Шер-Нияз иштеп чыккан. Кагазга Бакыт Турдубаев түшүрүп, редакторлук ишти жазуучу Султан Раев аткарган, Фархад Бекманбетов продюсерлик кылган. Бул чыгарма – кыргыз кино тарыхындагы эпикалык негизде тартылган алгачкы тасма.

Көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган фильм буга чейин казак тилине да которулган. (MSd)

XS
SM
MD
LG