Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

"Курманжан датка" тасмасы казак тилине которулду


Фильмден үзүндү.
Фильмден үзүндү.
Режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тасмасы казак тилине которулуп, Казакстандын "Астана" телеканалында элге көрсөтүлдү. Январдын соңунда эфирге берилген фильмди ушул күндөрү соцтармактарда казакстандыктар кызуу талкуулап жатышат. Көбү кино жогорку деңгээлде тартылганын белгилеп, жылуу пикирин билдирүүдө.

"Курманжан датка" тасмасын тартууга мамлекеттик казынадан 70 млн. сом сарпталган. 2014-жылы экранга чыккан тарыхый тасма буга чейин бир канча фестивалда алкоого арзыган.

XS
SM
MD
LG