Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:20

Кой-Таш окуясы боюнча сот кайрадан башка күнгө калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум болгон жок. Буга айрым адвокаттар келбей калганы себеп болгонун «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди:

«Адвокаттар келбей калды. Арасында ооруп калгандары бар. Кайрат Загибаев каза болуп калды».

Буга чейинки сот отуруму да алты жактоочу катышпай калгандыктан өткөн эмес. Кийинки отурум 6-июлга белгиленди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул окуя үчүн Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган.

Атамбаевди темир тор ичине отургузуп соттоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке карата козголгон дагы бир иш боюнча ал 11,2 жылга эркинен ажыратылган.

Кой-Таш окуясында каза болгон офицер Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда пневмониядан кайтыш болгон.

Мурдагы президент да пневмония болуп ооруканада жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG