Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

БШК: Шайлоо өнөктүгү санитардык талаптарды бекем сактоо менен жүргүзүлөт


Кыргызстандагы шайлоолордун биринде добуш берүү учуру. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун биринде добуш берүү учуру. Архивдик сүрөт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу саясий партиялардын курултайларын, шайлоочулар менен жолугушууларды жана талапкерлердин дебаттарын өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекем сакталууга тийиш. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Ага ылайык, бул иш-чаралар өткөрүлүүчү имараттар толук дезинфекцияланып, катышуучулардын аралыгы 1,5-2 метрден кем болбоого тийиш. Санитайзер, беткап жана медициналык мээлейлер сөзсүз түрдө болушу керек. Катышуучулардын дене табы өлчөнүп, колдонулуучу жана таратылуучу маалыматтар жазылган кагаздар, документтер толук дезинфекцияланышы зарыл.

«БШК өз кезегинде кыргыз өкмөтү менен бирге шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрүү боюнча чара көрөт. Шайлоочулардын жана шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого тиешелүү шарттарды түзөт», деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалды. 6-июлга карата шайлоого катышуу ниетин билдирип, беш саясий партия Боршайкомго кайрылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG