Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Боронов: Зарыл дары-дармектен бир нече айга алдын ала камдап коюш керек


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө зарыл болгон дары-дармектин тизмесин түзүп, жакынкы айларга резерв камдап коюуну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-июлдагы жыйынында мындай тапшырма Материалдык резерв фондуна жана Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине берилди.

Боронов Бишкектин кээ бир дарыканаларында айрым препараттар жок экенин айтып арызданып жаткандар бар экенин, дем алыш күндөрү баш калаага дары-дармек жеткирилерин билдирди:

«Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө. Жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу зарыл. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу керек».

Кыргызстанда фармацевтикалык компаниялардын баары жеке менчик. Бир эле дарынын баасы ар кайсы дарыканаларда ар башка.

Кийинки күндөрү Бишкекте өпкөсү кагынып ооругандар көбөйүп, дарыканада керектүү дары-дармек жетишсиз болуп жатканын, болсо да мурдагыдан кымбат экенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG