Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Жапония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.

14-июлда Бишкекте кол коюлган келишимге ылайык, Жапония социалдык-өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга 500 млн. иен (4,6 млн. доллар) бермек болду. Келишимге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду.

Жапон элчилиги тараткан маалыматта: "Учурдагы коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдуулардын алып бермек болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет”, - деп жазылган.

Ошондой эле жапон өкмөтү берилип жаткан жардам Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына каршы ишин бекемдей аларына үмүттөнөрү жазылган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат.

Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG