Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруп жаткан «Чайна-Роуд» компаниясынын кызматкери, кытайлык жаран табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кытайлык жаранды издөө иштери 10-июлда, компания өкүлдөрү расмий органдарга кабар бергенден кийин башталган. Компаниянын маалыматына караганда 41 жаштагы, кытай улутундагы эркек киши 6-июль күнү саат 14:00 чамасында чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Министрлик издөө иштери улантылып жатканын, ага беш куткаруучу тартылганын 22-июлда кабарлады.
Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернатив жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. (ErN)