Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Трамп элди беткап тагынууга үндөдү


Трамп Ак Үйдөгү брифингде. Вашингтон, 21-июль, 2020-жыл
Трамп Ак Үйдөгү брифингде. Вашингтон, 21-июль, 2020-жыл

22-июлда Дональд Трамп апрелден бери биринчи жолу пандемия боюнча Ак Үйдө пресс-конференция өткөрдү. Президент вакцина иштеп чыгуу аракеттеринде жана COVID-19 илдетин дарылоодо АКШнын айрым штаттарында алга жылуу байкалып жатканын белгиледи.

«Биз абдан күчтүү болот деген стратегиянын үстүнөн иштеп жатабыз. Өлкөбүздүн айрым бөлүктөрүндө абал жакшы, башкаларында анча канааттандырбайт. Тилекке каршы, кырдаал оңолгончо дагы бир кыйла начаралашына күбө болобуз. Албетте бул абдан жагымсыз, бирок айтууга туура келүүдө. Дүйнөнүн башка жерлерин да карасаңар, ушундай эле абал түзүлгөн».

Бир нече ай бою өзү беткап тагынбай, эл арасында бул чараны жайылтууга каршы болуп келген Трамп америкалыктарды беткап тагынып жүрүүгө, жаштарды эл көп топтошкон бар-кафелерге, башка жайларга барбай турууга үндөдү. «Беткапты жактырасыңарбы же жокпу, бирок анын пайдасы бар», - деди президент.

«Патриотизм жөнүндө ойлосоңор, балким бул жардам берет. Эксперттер мурда беткаптар балким анча пайдалуу эмес деп айтып келишкен. Азыр болсо пикирин өзгөртүштү. Алар көз карашын өзгөртсө, анда жакшы, мен керек учурда беткап тагынам».


Медицина тармагындагы адистер оорунун дабасы табыла электе адамдардын оозу-мурдун жаап жүрүшү вирустун тарашына бөгөт коюуга жардам берген колдогу бирден-бир жол экенин белгилешет.

21-июлдагы маалыматка ылайык, бир суткада COVID-19 Кошмо Штаттарда миңден көп кишинин өмүрүн кыйды. 10-июндан бери бир күндө мынча көп өлүм каттала элек болчу.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 144 миң киши коронавирустун айынан көз жумду. Башкача айтканда дүйнөдө катталган жалпы өлүмдөрдүн чейреги Кошмо Штаттарга туура келет.

Эксперттер көптөгөн штаттарда инфекциялангандар жана ооруканага жаткырылгандар көбөйгөн сайын каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деп эскертишет. Коронавирус жугузуп алгандар АКШда 4 миллионго чукулдады.


Трамп коронавирус менен күрөшүү штабы кайрадан күн сайын Ак Үйдө брифинг өткөрүп турарын айтты. Андай иш-чаралар "президент туура эмес, элди чаташтырган билдирүү жасап жатат" деген айыптоолордон кийин дээрлик үч ай мурун токтоп калган.

Бул ирет америкалык лидер ушунча көп киши дүйнө менен кош айтышып жатканын белгилеп, элди биримдикке үндөдү жана курман болгондордун урматына вакцина иштелип чыгат деп убада кылды.

Эмки аптада Кошмо Штаттарда ыктымал вакцинаны сыноонун акыркы баскычы башталмакчы. Тестке 30 миң ыктыярчы тартылат. Башка өлкөлөрдөгү бир нече компания да препараттары алгачкы фазада үмүт пайда кылган жыйынтыктарды көргөзгөнүн билдиришкен. Бирок адистер ал вакциналар коронавирустун бул түрүнөн коргойт деген кепилдик азырынча жок деп эскертишет.

Ак Үйдөгү брифингдерди жандандыруу чечими сурамжылоолор Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңилип калышы мүмкүн экенин, эл бийликтин пандемияны көзөмөлдөө аракеттерине нааразы болуп жатканын көргөзгөн маалда кабыл алынды.


Башка өлкөлөрдө да пандемия кайрадан күч алып, айрым жерлерде вирусту ооздуктоо максатында экинчи жолу чектөөлөр киргизилүүдө.

Австралияда Мельбурн шаарынын тургундары 22-июлдан тартып сыртка чыкканда сөзсүз беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Мексикада коронавирустан ажал тапкандардын саны 40 миңден ашты. Бразилияда 24 саатта эле дагы 41 миң кишиде вирус аныкталып, 1 400 бейтап көз жумду. Жалпысынан Латын Америкадагы бул өлкөдө COVID-19га 2 миллион 200 миңге чукул киши чалдыкты, 81 миңден ашыгы кайтыш болду. Бразилия инфекциялангандардын жана өлгөндөрдүн саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Дүйнөлүк алкакта коронавирус 15 миллиондон ашуун кишиге жугуп, жарымына жакыны айыкты, 617 миңдей киши илдеттен өлдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG