Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Азимжан Аскаров саламаттыгын текшерүү үчүн №47 абакка жеткирилди


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, №19 абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровду "Тез жардам" кызматы №47 абакка жеткирди. Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Акыйкатчы аппаратынын жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына таянуу менен билдирди.

Исмаилова №47 абакта дарыланууга ыңгайлуу шарттар каралганын белгилеп, анда Аскаровдун саламаттыгы текшерилерин ырастады. Укук коргоочунун ошол жерде калтырылары же кайра кайтарылары текшерилгенден кийин чечилет.

Камактагы Азимжан Аскаровдун орун которуусу боюнча ЖАМК маалымат бере элек.

Укук коргоочу катуу ооруп жатканын буга чейин анын адвокаты Валерьян Вахитов, эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов, дүйнөлүк Front Line Defenders уюмдары кабарлаган. Алар Азимжан Аскаровду ооруканага чыгарууну, ал боюнча соттун чечимин жокко чыгарып биротоло бошотууну талап кылышкан.

ЖАМКнын басма сөз кызматы укук коргоочунун саламаттыгы жайында экенин эки жолу билдирген.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында отурган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга бийликти үндөп келет. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG