Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Боронбаева: Коронавирус менен пневмониянын оор түрүнө каршы дары-дармек жетишсиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча абал бир топ турукташты. Бирок айрым дарылардын жетишсиздиги дагы эле байкалып жатканын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева 6-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, жетишпеген каражаттардын катарында надропарин (фраксипарин), натрий эноксапарини, кларитромицин, пиперациллин+тазобактам, мидазолам бар. Бул дары-дармектердин баары коронавирус менен пневмониянын оор жана өтө оор формаларын дарылаш үчүн зарыл.

Боронбаева бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында акча бар экенин, Дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаменти бардык дарылар Кыргызстандын рыногунда бар деген маалымат бергенин кошумчалады.

Ал саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине кайрылып, элге медициналык жардам көрсөтүш үчүн дары-дармектердин, дезинфекциялоочу каражаттардын жана медициналык буюмдардын запасын камсыз кылууну өтүндү.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти. Вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү, айыккандардын жалпы саны 30 099 болду. 7165 киши ооруканаларда дарыланып жатышат.

Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG