Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Бейруттагы жарылуудан улам 16 адам камалды


Бейруттагы кыйраган үйлөрдүн бириндеги көрүнүш.
Бейруттагы кыйраган үйлөрдүн бириндеги көрүнүш.

Ливан өкмөтү ондогон адамдын өмүрүн алган Бейруттагы жарылуудан улам 16 адам камакка алынып, тергөө башталганын билдирди. Кырсык болгон порттун башкы директору жума күнү сурак бермекчи. Өлкөнүн Борбордук банкы анын жана Бажы департаментинин башчысы баштаган бир канча кишиге таандык банк эсептерин камакка алды.

Ал арада Бейрутта коопсуздук күчтөрү жарылууга байланыштуу бийликти айыптап бейшемби күнү көчөгө чыккан демонстранттарды кууп таратты. Баш калаанын борборуна чогулган эл полицияга таш ыргытып, дөңгөлөктөрдү өрттөгөндөн кийин тартип коргоочулар жаш агызчу газ колдонушту. Тоз-тополоңдо бир нече киши жарадар болду.

Саламаттык сактоо министри кырсыкта өлгөндөр 149 кишиге жеткенин, урандыларды тазалоо иштери уланып жаткандыктан, бул сан дагы көбөйүш ыктымал экенин эскертти. Бери дегенде беш миң киши жарадар болуп, ондогон тургун дайынсыз. Бейрутта 300 миңден көп киши үй-жайсыз калды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, кырсыкка бир нече жылдан бери кооптуу шартта сакталып турган ири өлчөмдөгү аммиак селитрасы себеп болгон.

Ал ортодо Бейрутка дүйнөнүн чар тарабынан медициналык жана башка чукул жардам берүү жөнүндө сунуштар түшүп жатат. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) шаардагы ооруканаларга тогуз миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG