Беларуста президенттик шайлоо күнү Интернет начар иштеп жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары кабарлап жатышат.
«Настоящее время» телеканалынын Минскидеги кабарчысы мобилдик Интернет иштебей жаткандыктан редакция менен телефон аркылуу байланышкан. Телеканал Беларустагы бир нече эксперттер менен байланыша алган жок.
«Onliner» басылмасы көптөгөн VPN-сервистер иштебей калганын, айрым дүкөндөр «терминалдарда техникалык маселе жаралышы ыктымал» деген эскертүү таратканын билдирди.
Беларустагы «Медиазона» сайты «ByFly», MTS, «Life», «Космос ТВ» операторлорунда Интернет чектелип жатканын кабарлады.
«Белтелеком» компаниясы муну чет элдик трафикке байланыштуу каналдарга ашыкча жүк келгени менен түшүндүрдү.
Беларуста президенттик шайлоо бүгүн, 9-августта өтүп жатат. БШК президенттик шайлоого талапкер катары бийлик тизгинин 1994-жылдан бери кармап келаткан азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган. Белгилүү блогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды.