Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир күн ичинде алты киши каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 10-августта билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен дубанында катталды.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1474 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 258 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Март айынан бери коронавирус 40 177 кишиден расмий аныкталды. Анын 32229у айыкты. (NT)