Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Аскербек Алиев башка ишке которулду


Бишкек мэриясынын жана шаардык кеңештин имараты.

Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Аскербек Алиев иштен алынып, «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкек наабайкана» ишканасынын мурдагы башчысы Марат Жумабаев «Бишкек суу канал» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп кеткен.

Аскербек Алиев Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигин жетектеп турган кезде мекеменин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу иликтөө чыккан.

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезде көр сатуудагы жемкордукту ашкерелеген «Көрүстөндөгү коррупция» аттуу иликтөө даярдаган. 2018-жылы 30-майда чыккан иликтөөдө Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда күтүүсүз каза болгондон кийин иликтөөгө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кылмыш иштерин козгогон. Былтыр май айында Финансы полициясы иликтөөдөгү көр сатуу фактылары аныкталганын жарыялап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы жетекчисине, бригадирге, мурда иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жумушчуларга - жалпысынан төрт адамга айып коюлган.

Ага чейин иликтөөдө маалымат бергендерге каршы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчилиги «моралдык зыян тарттык» деп сотко арызданган. Ленин райондук соту февраль айында телепрограмманын каармандарын арыздануучуларга 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. (NT)

XS
SM
MD
LG