Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

АКШ орусиялык жаңы киберкооптуу программа тууралуу эскертүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Улуттук чалгын кызматы Федералдык иликтөө бюросу менен кошо киберкоопсуздук боюнча баяндама жарыялады.

Анда орусиялык киберкооптуу программа тууралуу жазылган. Ага ылайык, «Отунчу» деп аталган бул программа Орусиянын Аскердик чалгын кызматы тарабынан кибертыңчылык операциясынын бир бөлүгү катары колдонулган.

Баяндамада операция жүргүзгөн аскер бөлүгү да аталып, Орусия Башкы штабынын атайын кызмат башкармалыгынын 26165-85-бөлүгү деп жазылган. Баяндама ээлери ырастагандай, Башкы штабдын бул борбору 2016-жылы АКШда президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын серверлерин талкалаган хакерлер менен байланышы бар.

«Отунчу» программасы «Linux» («Линукс») операциялык системасы менен иштеген компьютерлерди бузууга колдонулат.

Чалгын кызматы менен Федералдык иликтөө бюросунун эксперттери АКШда күтүлүп жаткан жаңы президенттик шайлоо алдында орусиялык хакерлердин аракетин аныктоо иштерин улантууда.

Орусия хакерлер менен байланышын жана башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүсүн дайыма четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG