Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:37

HRW Казакстанды жакырчылыктын алдын алууга чакырды


Жакыр үй-бүлөлөргө таратылып жаткан жардам. Алматы.

Эл аралык укук коргоочу «Human Rights Watch» (HRW) уюму Казакстан өкмөтүн жүз миңдеген адамды жакырчылыктан сактап калыш үчүн COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга берилчү экономикалык жардамды көбөйтүүгө чакырды.

18-августта тараткан билдирүүдө уюм пандемия Казакстандагы теңсиздикти тереңдетип, социалдык коргоо системасынын алсыз жактарын көрсөтүп койгонун жазат.

Казакстан - пандемия маалында жарандарга акчалай жардам көрсөткөн Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Бирок өлкөдө көп жарандар коронавирус кризисине чейин эле жакырчылыкка кабылгандыктан өкмөт көбүрөөк аракет көрүшү керек экени баяндамада белгиленген.

Коронавирус март айында Казакстанда жаңы чыкканда президент Касым-Жомарт Токаев саламаттык сактоо системасын колдоо, жумушсуздарга акчалай жардам көрсөтүү жана бизнести экономикалык кесепеттерден сактоо максатында өкмөт 10 миллиард доллар каражат бөлгөнүн билдирген.

Ошондой эле бийлик кирешеси аз үй-бүлөлөргө жана майыптарга азык-түлүк таратып, апрель-май айларына карата коммуналдык төлөмдөрдү азайткан.

Дүйнөлүк банктын эсебинде, Казакстанда 2020-жылы жакырчылык деңгээли боолголонгон 8,3% деңгээлден 12,7% чейин жогорулайт жана 800 миңдей киши жакырчылыкка кабылат.

18-августка карата Казакстанда 103,3 миңден көп киши коронавируска кабылды, 1260тан ашуун адам каза болду.

XS
SM
MD
LG