Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Шаардык сот абакта каза болгон Азимжан Аскаровдун иши боюнча доо арызын карайт


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бишкек шаардык соту 20-августта абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча апелляциялык доо арызды кароону улантат. Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму 19-августта билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, шаардык сотто Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы берилген апелляциялык арыз каралат.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

2019-жылы 23-ноябрда Азимжан Аскаров «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган.

2020-жылдын 12-июнунда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген.

Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму мыйзамга ылайык Азимжан Аскаровдун укугун коргоону улантарын, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин аткарылышына жергиликтүү жана эл аралык соттордо жетүүгө аракет кыларын билдирди.

69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (NT)

XS
SM
MD
LG