Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БШКнын алдына пикетке чыкты


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БШК имаратынын алдында. 25-август, 2020-жыл.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БШК имаратынын алдында. 25-август, 2020-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 25-августта шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал 24-августта тизмелер боюнча документтерди кабыл алуудагы чырга байланыштуу пикетке чыкканын билдирди. Активист «Кыргызстан» партиясын каттабоону, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин, шайлоону таза өткөрүүнү талап кылды.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.

Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе атайын жыйында талкууланарын билдирди.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августтагы басма сөз жыйынында документтер убагында берилгенин айтты.

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип чыгат, андан кийин бир айлык үгүт башталат. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG